KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Кесипкөйлүк бааланды: Сот департаментинде Юристтер күнүнө карата сыйлыктарды тапшыруу аземи өткөрүлдү

04 июля 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 4-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинде Юристтер күнүнө карата ведомстволук сыйлыктарды салтанаттуу тапшыруу аземи өткөрүлдү.


Кесипкөйлүгү, кызматтык милдеттерин жоопкерчилик менен аткаргандыгы жана ак нитеттүү эмгеги үчүн Сот департаментинин борбордук аппаратынын жана «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин бир катар кызматкерлери, ошондой эле Бишкек шаарынын сот аткаруучулары мекеменин төш белгилери, Ардак грамоталараы жана Алкыш баракчалары менен сыйланышты.


Сыйлыктарды тапшырып жатып, Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев кесиптештерин майрамы менен куттуктап, ар бир кызматкерге сот тутумун өнүктүрүүгө кошкон салымына ыраазычылык билдирди. Ошондой эле мыйзамдуулукту туу тутуп, кызматтык милдеттерди так аткаруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.


Юристтер күнү — бул мыйзамдуулуктун, адилеттүүлүктүн, коомдогу тартиптин сакталышына жана жарандардын укуктарын камсыз кылууга чоң салым кошкон кесип ээлеринин эмгегин баалоо жана ыраазычылык билдирүү күнү болуп саналат.