KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Талас облустук башкармалыгынын кызматкерлери үчүн «Уңгужол» концепциясын түшүндүрүү боюнча лекция өткөрүлдү

06 июля 2026

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгынын кызматкерлери үчүн «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын түшүндүрүүгө багытталган лекция уюштурулду.


Лекцияны Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Талас аймактык көп тармактуу институтунун Гуманитардык-укуктук колледжинин директору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Айнура Усубалиева жана Агробизнес жана туризм колледжинин ага окутуучусу Динара Бекмуратова өткөрүштү.


Лекциянын жүрүшүндө лекторлор «Уңгужол» түшүнүгүнүн мазмунун кеңири ачып берип, ал эне тилди, тарыхты, каада-салттарды, маданий мурастарды жана Мекенге болгон сүйүүнү сактоого багытталгандыгын белгилешти. Ошондой эле уңгужол элдин руханий негизи болуп саналып, анын келип чыгышын, тарыхый жолун жана улуттук өзгөчөлүгүн жоготпостон дүйнөлүк бийиктиктерге жетүүгө багытталган өнүгүү жолун чагылдырары айтылды.


Ар бир жаран өзүнүн тарыхый тамырларын, улуттук баалуулуктарын жана маданий мурастарын билүүгө жана урматтоого тийиш экендигине өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз эли тарыхтын татаал этаптарына карабастан өзүнүн тилин, маданиятын, каада-салттарын жана укуктук аң-сезимин сактап келгендиги, ал эми адилеттүүлүк коомдук турмушта ар дайым жогорку баалуулук катары каралып келгендиги белгиленди.


Ошондой эле лекторлор «Манас» эпосунда жана кыргыз элинин тарыхый мурасында чагылдырылган акылмандык, биримдик, жоопкерчилик, адилеттүүлүк жана элдик башкаруу принциптери заманбап сот системасынын маанилүү руханий жана идеялык негизи экендигин белгилешти.


Иш-чаранын соңунда мамлекеттик тил жана «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу боюнча маселелер талкууланып, пикир алмашуу болду. Талас облустук башкармалыгынын башчысы Кубат Манапов лекторлорго кызыктуу жана мазмундуу лекция үчүн ыраазычылык билдирип, мындай иш-чаралар патриоттук тарбияны чыңдоого, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин жогорулатууга жана улуттук баалуулуктарга урмат менен мамиле кылууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.