KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Баткен облусунун сот аткаруучулары үчүн Укук бузуулардын бирдиктүү рээстри боюнча окутуу өткөрүлдү

12 марта 2025

2025-жылдын 11-12-мартында Баткен облусунун райондук жана шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн сот аткаруучулары үчүн Укук бузуулардын бирдиктүү рээстри боюнча окутуу өткөрүлдү.


Иш чара Баткен облустук прокуратурасы тарабынан Сот департаменти менен прокуратуранын ортосундагы кагаз иштерин жоюп, Укук бузуулардын бирдиктүү рээстри (УББР) тарабынан келген иштерди шартсыз аткаруу максатында уюштурулду.


Катышуучулар жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан келген протоколдор жана мамлекеттик органдардан келген аткаруу документтеринин аткарылышы боюнча, ошондой эле документтердин түп нускаларын күтпөй Укук бузуулардын бирдиктүү рээстри (УББР) тарабынан келген иштер боюнча иш аракеттерди толук жүргүзүү керектиги эскертилди.


Окуунун соңунда сот аткаруучулар Укук бузуулардын бирдиктүү рээстри боюнча талаптагыдай ишти жүргүзүшүп жаткандыктарын белгилешип, мындан ары милдеттерине кылдаттык менен мамиле кылууга милдеттеништи.