KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Бишкек шаарынын сот приставдарынын дене тарбиялык даярдыктары текшерилди

04 июня 2026

Бишкек шаарынын сот приставдар кызмат бөлүмдөрүнүн сот приставдары дене тарбия даярдыгы боюнча сынак тапшырышты.


Анын алкагында сот приставдары 3000 метрге жана 100 метрге чуркоо, турникке тартынуу, ошондой эле жерден түртүнүү (отжимание) боюнча дене тарбиялык көнүгүүлөрдү жаш курагына ылайык аткарышты.


Бул демилгенин негизи максаты кызматкерлердин дене тарбиялык даярдыгын жогорулатуу, спортко болгон кызыгуусун күчөтүү жана үзгүлтүксүз машыгуунун маанисин белгилөөгө багытталган.


Себеби, спорттук машыгуулар ден соолукту чыңдоого жана кесиптик милдеттерди сапаттуу аткарууга өбөлгө түзөт.


Аталган сынак тапшыруу иш-чарасы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун 2023-жылдын 30-мартындагы № 150 буйругунун негизинде уюштурулду.