KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук аң-сезиминин деңгээлин аныктоо боюнча онлайн-сурамжылоо жүргүзүлүүдө

28 апреля 2026

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 31-майындагы №146 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2023–2026-жылдарга укуктук саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 15-пунктун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту тарабынан калктын укуктук аң-сезиминин деңгээлин аныктоо үчүн онлайн-сурамжылоо жүргүзүлүүдө.


Бул сурамжылоонун максаты — жарандардын укуктук билиминин жана аң-сезиминин деңгээлин баалоо, ошондой эле укуктук саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга өбөлгө түзүү болуп саналат.


Ушуга байланыштуу, сот тутумунун кызматкерлерин аталган онлайн-сурамжылоого активдүү катышууга чакырабыз.