KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Турак жайдан чыгаруу жөнүндө Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунун чечими мажбурлап аткарылды

18 июня 2025

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн (мындан ары — САКБ) сот аткаруучусу тарабынан карызкор Т.А.С. жана А.З.Ж. башка турак жай бербестен чыгаруу жөнүндөгү Базар-Коргон райондук сотунун чечими мажбурлоо жолу менен аткарылды.


Аткаруу барагы Базар-Коргон райондук САКБнө 2025-жылдын 23-майында келип түшкөн.


Сот аткаруучу тарабынан карызкорго өз убагында ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунуш берилип, КР мыйзамдарына ылайык аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын укуктары жана милдеттери түшүндүрүлгөн.


Аткаруу барагынын талаптарын ыктыярдуу аткаруу боюнча карызкор тарабынан эч кандай чара көрүлбөгөндүгүнө байланыштуу мажбурлап чыгаруу 2025-жылдын 18-июнуна дайындалган.


Белгиленген күнү карызкорло турак жайдан мажбурлап чыгарылып, күбөлөрдүн катышуусунда акт түзүлгөн.