Баткен облусунун Кадамжай райондук Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн (мындан ары — САКБ) сот аткаруучусу Кеңеш уулу Уларбек тарабынан карызкор М.А.С. башка турак жай бербестен чыгаруу жөнүндөгү Кадамжай райондук сотунун чечими мажбурлоо жолу менен аткарылды.
Аткаруу барагы Кадамжай райондук САКБнө 2025-жылдын 23-январында келип түшкөн.
Сот аткаруучу тарабынан карызкорго өз убагында ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунуш берилип, КР мыйзамдарына ылайык аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын укуктары жана милдеттери түшүндүрүлгөн.
Аткаруу барагынын талаптарын ыктыярдуу аткаруу боюнча карызкор тарабынан эч кандай чара көрүлбөгөндүгүнө байланыштуу мажбурлап чыгаруу 2025-жылдын 30-апрелине дайындалган.
Белгиленген күнү карызкор турак жайдан мажбурлап чыгарылып, күбөлөрдүн катышуусунда акт түзүлгөн.