Нарын облусунун Кочкор райондук сот аткаруучулары тарабынан Кочкор райондук сотунун 2023-жылдын 09-октябрындагы чечими мажбурлоо жолу менен аткарылды.
Кочкор райондук сотунун чечимине ылайык Кочкор районунун Чолпон айылынын жер тилкелеринин бириндеги жеңил конструкциядагы курулуштар мыйзамсыз коюлган деп табылган.
Сот аткаруучулар тарабынан карызкорлорго соттун актысын ыктыярдуу аткаруу сунушу жана эскертүүлөр берилген.
Мыйзамсыз курулган курулуштар карызкорлор тарабынан алынбай келгендиктен, белгиленген күнү Кочкор райондук айыл өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда мажбурлоо ирээтинде мыйзамсыз коюлган жеңил конструкциядагы курулуштар жол жээгинен алынды.