KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Кызыл-Кыя шаардык сотунун мыйзамсыз курулуштарды бузуу тууралуу чечими мажбурлап аткарылды

02 июня 2025

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучулары тарабынан 2024-жылдын 16-сентябрындагы Кызыл-Кыя шаардык сотунун аткаруу барагынын негизинде соттун чечими мажбурлап аткарылды.


Соттун чечими менен Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынына караштуу Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин доо арызы канааттандырылып, Ш. Н. К. аттуу жаран 138 чарчы метр аянттагы, Чехов көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйдүн түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан жана муниципалдык менчикке таандык болгон жер тилкесиндеги мыйзамсыз курулган курулуштарды өз эсебинен бузуп, жер тилкесин баштапкы абалга келтирүүгө милдеттендирилген.


Жоопкерге 10 жумушчу күндүн ичинде аткаруу барагын ыктыярдуу түрдө аткарууга мүмкүнчүлүк берилгенине карабастан, белгиленген мөөнөттө аталган чечим аткарылган эмес.


2025-жылдын 30-майында сот аткаруучулар соттун мыйзамсыз курулуштарды бузуу тууралуу чечиминин негизинде берилген аткаруу барагынын талаптарын мажбурлап аткарып, тиешелүү иштерди жүргүзүштү.


Мажбурлап аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толук ылайык жүргүзүлдү.