KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Нарын шаардык сотунун чечими мажбурлап аткартылды

15 ноября 2024

Нарын шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучулары тарабынан Нарын шаардык сотунун 2024-жылдын 23-сентябрындагы Нарын шаарындагы тилкесине мыйзамсыз курулган курулушту буздуруу жана пайдалануусунан бошотуу жөнүндөгү чечими  мажбурлоо жолу менен аткарылды.


Нарын шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучулары тарабынан карызкорго аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу туурасында сунуш жиберилгендигине карабастан соттун чечимин аткарбай келген.


Натыйжада 2024-жылдын 12-ноябрында аткаруу барагынын талаптары толук аткарылып, калыс күбөлөрдүн катышуусунда акт түзүлүп, бошотулган жер тилкеси өндүрүп алуучуга өткөрүлүп берилди.