KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими мажбурлап аткартылды

20 марта 2025

Бишкек шаарынын экономикалык иштер боюнча сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу Р. Каденов мыйзамсыз курулган объекттерди бузуу жөнүндө Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечимин мажбурлап аткарды.


Бишкек шаарынын С. Каралаев көчөсү 38/1 дарегиндеги «Грин Лэнд» турак жай комплексиндеги «Про Групп» ЖЧК тарабынан тургузулган тосмону бузуу жолу менен муниципалдык аймакты пайдалануудагы тоскоолдуктар — көп кабатуу турак үйдүн батыш тарабынан узундугу 82,6 метр, бийиктиги 2,4 метр болгон тосмо, ошондой эле үйдүн түндүк тарабынан узундугу 69,5 метр, бийиктиги 2, 4 метр болгон тосмолор алынып салынды.


Соттун чечимин аткарууга көмөктөшүү максатында Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнин кызматкерлери жана Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык кызматы бузуу иштерин жүргүзүү үчүн атайын техника менен тартылды.


Белгилей кетсек, мыйзамсыз курулган тосмону бузуу процесси бир катар татаалдаштыруучу факторлорго байланыштуу эки күнгө созулду. Тосмонун жанында жыш коюлган көп кабаттуу үйдүн тургундарынын унаалары атайын техниканын өтүшүн кыйындатып жатты. Жумушту улантып, атайын техникалардын өтүшүн жетңилдетиш үчүн унаа ээлери менен кошумча координация жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү талап кылынды.


Мындай учурларда сот аткаруучулардын иши өтө татаал экендигин баса белгилей кетүү керек. Алар бардык тараптардын координациясына байланыштуу укуктук гана эмес, логистикалык маселелерди да чечүү зарылдыгына туш болушат. Мыйзамсыз курулушту бузууну уюштуруу соттун чечимдерин так аткарууну гана эмес, мүмкүн болгон чыр-чатактардын алдын алып, башка жарандардын укуктарын сактоо үчүн ар бир кыймылдын майда-чүйдөсүнө чейин көңүл бурууну талап кылат.