Ысык-Көл облусунун Тоң райондук Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучулары (мындан ары — САКБ) тарабынан Тоң райондук сотунун 2025-жылдын 8-апрелиндеги аткаруу барагынын негизинде Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында жайгашкан мурдагы бала бакчанын имаратынан мажбурлоо түрүндө жоопкерлер К.Б.А. жана К.А.А. чыгарылды.
Өндүрүп алуучунун ишенимдүү өкүлү Ч.Ж.М арызынын негизинде Тоң райондук САКБ тарабынан 2025-жылдын 14-апрелинде аткаруу өндүрүшү ачылган.
Аткаруу өндүрүшүн алып барган сот аткаруучу тарабынан жоопкерлерге соттун чечимин ыктыярдуу аткаруу боюнча сунушу өз колдоруна тапшырылып, түшүндүрүү иштери жеринде жүргүзүлгөн. Бирок ыктыярдуу түрдөө соттун чечимин аткаруудан жоопкерлер ар кандай шылтоолор менен баш тартып келишкен.
2025-жылдын 30-апрелинде Тоң райондук САКБнын кызматкерлери тарабынан жоопкерлер К.Б.А. жана К.А.А. мурдагы бала бакчанын имаратынан башка турак жай бербестен мажбурлоо түрүндө чыгарылды. Бошотулган имарат Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл аймагынын айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилди.
Соттун чечимин мажбурлап аткарууга Тоң райондук СПКБ сот приставдары, Тоң райондук ӨКМ кызматы жана Тоң райондук тез жардам кызматынын кызматкерлери көмөк көрсөтүштү.