KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин жетекчилиги «Фемида пансионаты» мамлекеттик ишканасына жайкы сезонго даярдык көрүү боюнча иш сапары менен барды

19 мая 2026

Алдыдагы эс алуу, ден соолукту чыңдоо сезонуна даярдык көрүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев «Фемида пансионаты» мамлекеттик ишканасына иш сапары менен барды.


Иш сапарга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппарат Жетекчиси Сулайман Мыкыев, Сот департаментинин директорунун орун басары Аида Осмонбекова жана сот тутумунун жооптуу кызматкерлери катышышты.


Иш сапардын жүрүшүндө пансионаттын аймагы, турак жай корпустары, эс алуу жайлары жана инфраструктуралык объектилери каралып, оңдоп-түзөө жана көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү текшерилди.


«Фемида пансионаты» мамлекеттик ишканасынын директору Канат Абдыжапаров иш сапардын катышуучуларын жаңы ашкананын курулушунун жыйынтыктоочу этабы менен тааныштырды.


Иш сапардын жүрүшүндө эс алуучулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү, тейлөө сапатын жогорулатуу, аймактын санитардык абалы жана пансионаттын жайкы сезонго даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.


Бакыт Курманалиев «Фемида пансионаты» мамлекеттик ишканасынын директоруна үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тартып эс алуу сезонун ачууга толук даярдык көрүүнү тапшырды. Тактап айтканда, аймакты жана көл жээгин тазалоо, отургучтарды, дарбазаларды жана балдар аянтчасын оңдоо, пирсте сырдоо иштерин жүргүзүү, ошондой эле аймакты жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин уюштуруу тапшырылды.


Мындан тышкары, иш сапардын алкагында уюштуруу маселелери, пансионатты мындан ары өнүктүрүү пландары жана эс алуучулардын шарттарын жакшыртууга багытталган иш-чаралар талкууланды.


«Фемида» пансионаты мамлекеттик ишканасын жайкы сезонго даярдоо иштери пландуу тартипте улантылууда.