KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот тутумунун бир катар кызматкерлери Сот департаментинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйланышты

11 марта 2025

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары Канатбек Осмонов Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлеринин күнүнө карата сот органдарынын бир катар кызматкерлерине мекеменин сыйлыктарын тапшырды.


Кесиптик жетишкендиктери жана жүктөлгөн милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн жергиликтүү соттордун аппаратынын, Сот департаментинин борбордук аппаратынын жана “Адилет сот” маалыматтык технологиялар мекемесинин кызматкерлери, Бишкек шаарынын сот аткаруучулары жана сот приставдары Сот департаментинин медалдары, Ардак грамоталары жана Алкыш баракчалары менен сыйланышты.