Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин курама командасы сот аткаруучулардын күнүө арналган Алматы шаарындагы мини-футбол боюнча эл аралык турнирде экинчи орунду ээледи. Мелдешке ар кайсы өлкөлөрдүн командалары катышып, Кыргызстандын курама командасы Мароккону (2:1) жана Казакстанды (1:0) ишенимдүү түрдө жеңип, татыктуу жыйынтык көрсөттү. Курч өткөн финалдык беттеште кыргыз командасы турнирдин ээлери – Алматы шаарынын курама командасына 0:1 эсебинде утулуп калды. Белгилей кетсек, Алматы командасы бул турнирдин үч жолку чемпиону болуп саналат.
Кыргыз Республикасынан курама команданын курамында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин төмөнкү кызматкерлери катышты:
Осмонов Канатбек Абдиллаевич — Сот департаментинин директорунун орун басары; Болотбаев Марат Абдусаматович — Сот актыларын аткарууну камсыздоо башкармалыгынын башчысы; Сагынбаев Нурадил Нурланович — Сот департаментинин башкы адиси; Сыдыкбеков Нурбай Темирбекович — Сот департаментинин башкы адиси; Мурсалиев Дастан Муратович — Бишкек шаарынын экономикалык иштер боюнча САКБнын улук сот аткаруучусу; Самидин уулу Исхак — Бишкек шаардык сотунун СПКнын приставы; Итахун Нурсултан Нурланулы — Токмок шаарынын САКБнын сот аткаруучусу; Керимбеков Арген Эркинович — Бишкек шаарынын Ленин районунун САКБнын сот аткаруучусу; Рахманкулов Бекмамат Алмазбекович — Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгынын башкы адиси; Курманбеков Тилек Курманбекович — Нарын облусунун Ат-Башы районунун улук сот аткаруучусу; Омурбеков Арлен Омурбекович — «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин адиси; Женишов Нурсултан Женишович — Ысык-Көл облустук сотунун сот жыйналшынын катчысы; Чынкожоев Эльдар — Бишкек шаарынын Октябрь райондук САКБнын сот аткаруучусу;
Бектиянов Кутман Ленарович — Ысык-Көл облустук сот аткаруучулар кызматынын жетектөөчү адисинин милдетин аткаруучу; Кыргыз Республикасынын курама командасынын турнирге катышуусу сот системасынын кызматкерлеринин жогорку деңгээлдеги физикалык даярдыгын гана баса белгилебестен, ар кайсы өлкөлөрдөн келген кесиптештердин ортосунда эл аралык кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну чыңдоого өбөлгө түздү.