Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгы тарабынан 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата видеоматериал даярдалды. Сюжеттин башкы каарманы — Каракол шаарынын Сот приставдар кызматынын бөлүмүнүн сот приставы Асеков Космосбек Жолочуевич, өмүрүн Ата Мекенге кызмат кылууга арнаган инсан.
Ата Мекенди коргоочулар күнү — бул кайраттуулуктун, ар-намыстын жана аскердик милдетке берилгендиктин символу болгон өзгөчө майрам. Бул күнү биз өлкөбүздүн коопсуздугу жана тынчтыгы үчүн жан үрөп кызмат өтөгөн жана бүгүнкү күндө да ак кызматын улантып келе жаткан жарандарды урмат-сый менен эскеребиз.
Космосбек Асеков көп жылдар бою аскердик кызмат өтөп, өлкөдө тынчтыкты жана туруктуулукту камсыздоого олуттуу салым кошкон. Ал кызмат өтөгөн жылдары темирдей тартипти сактап, жоопкерчиликти жана Мекенге болгон чексиз берилгендикти көрсөтүп, кесипкөйлүгү, принципиалдуулугу жана лидерлик сапаттары менен айырмаланып, жаш муундагы аскер кызматкерлерине үлгү боло алды.
Анын аскердик жолу — мекенчилдиктин, туруктуулуктун жана эрдиктин айкын үлгүсү. Кызмат өтөгөн мезгилинде ал жооптуу тапшырмаларды ийгиликтүү аткарып, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого зор салым кошкон.
Космосбек Асеков бүгүнкү күндө да сот приставдар кызматынын катарында коомго ак кызмат кылууну улантып, мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти камсыздоого өз салымын кошуп келет.
Ата Мекенди коргоочулардын күнү — бул өз ишине берилген, кайраттуу жана мекенчил адамдарга терең урмат көрсөтүү күнү. Алардын ак ниет эмгеги жана антка берилгендиги мамлекетибиздин бейпилдигинин жана туруктуу келечегинин бекем пайдубалы болуп саналат.
https://www.youtube.com/watch?v=mZ2SOLWytw8


