KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Ата Мекенге кызмат кылам: чек арачыдан сот приставына чейинки эмгек жолу

20 февраля 2026

23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүн утурлай Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгы Нарын облустук телерадиокорпорациясы менен биргеликте Нарын облусунун сот приставдар кызматынын бөлүмүнүн ишмердүүлүгүн чагылдырган видеорепортаж даярдады.


Видеоматериалдын башкы каарманы — Нарын аймактык сот приставдар кызматынын бөлүмүнүн сот приставы Моңолбаев Алмазбек Керимович. Тасма тартуу учурунда ал бөлүмдүн ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, кызматтын өзгөчөлүктөрү, иш процессинде жаралган кыйынчылыктар, ошондой эле өзүнүн кесиптик жолу жана мамлекетке кызмат кылууга болгон шыктануусу тууралуу айтып берди.


Алмазбек Моңолбаев буга чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматында, анын ичинде Баткен облусундагы «Чарбак» чек ара заставасында жана Нарын облусундагы «Торугарт» бөлүмүндө кызмат өтөгөн. Белгиленген кызмат өтөө мөөнөтүнө жеткенден кийин ардактуу эс алууга чыгып, андан соң сот приставдар кызматынын бөлүмүндө эмгек жолун уланткан.


Даярдалган видеорепортаж калктын сот приставдар кызматынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга, алардын ишинин өзгөчөлүктөрү боюнча объективдүү түшүнүк калыптандырууга, ошондой эле мамлекеттик кызматтын беделин бекемдөөгө багытталган.


Мыйзамга ылайык, сот приставдары сот отурумуна катышуучуларды мажбурлап алып келүүнү ишке ашырышат, судьялардын, сот жараянында катышуучулардын коопсуздугун, сот имараттарындагы коомдук тартипти камсыз кылышат жана сот имараттарын кайтарууну жүргүзүшөт.


Өз ишмердүүлүгүндө сот приставдары мыйзам талаптарын так сактоого, жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, кызматтык этиканын нормаларын сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда объективдүүлүктү, мыйзамдуулукту камсыз кылууга милдеттүү.


https://www.youtube.com/watch?v=0kwiGLWGT-k