KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Чүй облусунун Панфилов райондук сотунун жаңы административдик имараты курула турган жерде келечек кутучасын салуу аземи болуп өттү

24 апреля 2026

Бүгүн, 2026-жылдын 24-апрелинде Чүй облусунун Панфилов районунда райондук соттун жаңы административдик имаратынын курулушунун башталышына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Анын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев келечек кутучасын салуу аземине катышты.


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Турсунгүл Чаргынова, Жогорку соттун Төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Чүй облустук сотунун төрагасы Таалайбек Даркимбаев, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгынын башчысы Алмазбек Токтосунов, жергиликтүү соттордун судьялары, сот тутумунун кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев, Панфилов районунун акими Бекмаат Масаидов, Кайыңды шаарынын мэри Рысбек Шейшенов, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, аксакалдар сотунун, курулуш тармагынын өкүлдөрү жана коомчулук катышты.


Өз сөзүндө Жогорку соттун Төрагасы Медербек Сатыев бул окуя сот тутуму үчүн гана эмес, аймактын тургундары үчүн да маанилүү кадам экенин белгиледи. Анын айтымында, сот адилеттигинин сапаты мыйзамдардын мазмунуна гана эмес, алар ишке ашырылган шарттарга да түздөн-түз байланыштуу.


«Бул объекттин курулушунун башталышы — соттук реформанын алкагындагы маанилүү жана натыйжалуу кадамдардын бири. Жаңы имарат жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, сот отурумдарынын ачыктыгын камсыз кылган заманбап технологиялар менен жабдылат, ошондой эле сот кызматкерлеринин натыйжалуу иштөөсү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөт», — деп белгиледи  Медербек Сатыев.


Төрага заманбап талаптарга жооп берген сот имаратын куруу жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин бекемдөөгө, ачыктыгын камсыз кылууга жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган маанилүү чара экенин кошумчалады.


«Бүгүн салынган келечек кутучасы — бул биздин мыйзамдуулукка, адилеттүүлүккө жана өнүгүүгө болгон берилгендигибиздин символу. Биз келечек муундарга күчтүү, көз карандысыз жана адилеттүү сот тутумун калтырууга умтулабыз», — деп баса белгиледи ал.


Ошондой эле курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аяктоо негизги талап болуп саналары белгиленип, долбоорду ишке ашырууга катышып жаткан бардык тараптарга ыраазычылык билдирилди.


Өзгөчө Төрага куруучуларга ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылып жаткан бул долбоордун ийгиликтүү жүрүшүнө алардын кошкон салымын белгиледи. Төрага курулуш иштери белгиленген мөөнөттө — ушул жылдын аягына чейин аяктайт деген ишенимин билдирди.


Белгилей кетсек, Панфилов райондук сотунун жаңы имаратынын курулушу үчүн бөлүнгөн жалпы аянты 2806,0 чарчы метр болгон жер тилкеси Кайыңды шаарынын муниципалдык органдарынын чечими менен мөөнөтсүз пайдаланууга берилген. Имараттын жалпы аянты 1621,8 чарчы метрди түзөт. Долбоорго ылайык, үч кабаттуу заманбап архитектуралык стилдеги имарат курулат.


Имаратта судьялар жана соттун аппарат кызматкерлери, сот приставдары үчүн 60тан ашуун иш бөлмөлөр жайгаштырылат. Мындан тышкары, аудио жана видео жаздыруу системалары, видеоконференцбайланыш каражаттары менен жабдылган 5 сот отурумунун залдарын жайгаштыруу каралган. Ошондой эле прокурорлор жана жактоочулар үчүн иш бөлмөлөр, жашы жете электер үчүн бөлмөлөр жана сотко келген жарандар үчүн күтүү жайлары камтылып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн тоскоолдуксуз кирүү шарттары түзүлөт. Долбоордо коопсуздукту камсыздоо үчүн заманбап талаптар каралган, анын ичинде конвойдук маршруттарды, кызматтык жана коомдук аймактарды бөлүү маселелери эске алынган.


Мындан тышкары, долбоордо ачык унаа токтотуучу жай, отканa жана санитардык түйүндөрдү куруу каралган, бул соттун иштеши жана жарандарды кабыл алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.


Курулуш иштерин аяктоо мөөнөтү 2026-жылдын 31-декабрына пландалууда.


Жаңы имарат Панфилов районунда сот адилеттигинин борборуна айланып, жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.