KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Жеке сот аткаруучулар институтун киргизүүгө багытталган мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча кеңешме болуп өттү

20 марта 2025

2025-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин жана Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институтунун кызматкерлеринин катышуусунда жеке сот аткаруучулар институтун киргизүүгө багытталган мыйзамдын долбоорун талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү.


«2023-2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасынын иш-чаралар планынын 4.19-пунктуна ылайык жеке сот аткаруучулар институтун киргизүү болжолдонууда.


Белгилей кетсек, жеке сот аткаруучулар институтун киргизүү мамлекеттик органдарга жүктөмдү азайтууга, аткаруу процессинин оперативдүүлүгүн жана ачык-айкындуулугун жакшыртууга, ошондой эле процесстин бардык катышуучуларынын укуктук корголуу деңгээлин жогорулатууга багытталган.