KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”Мыйзамына ылайык, улук кызмат орундарына (сот пристав) ички кадрлар резервин түзүү боюнча ачык конкурс жарыялайт

23 февраля 2026
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”Мыйзамына ылайык, улук кызмат орундарына (сот пристав) ички кадрлар резервин түзүү боюнча ачык конкурс жарыялайт.


 Улук кызмат ордуна кадрлар резервине киргизүү үчүн квалификациялык талаптар:


1) Иш стажы жана тажрыйбасы: — иш стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.


2)Кесиптик билим деңгээли:


—    Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

—    “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

—    «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

—    «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

—    «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

—    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.


  Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобуна (сот пристав):

Квалификациялык талаптар:


Кесиптик билимдин деңгээли:

— каалаган профилдеги жогорку билими.


Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.


3. Кесиптик компетенциялар:

Билими:

—    «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамы;

—    «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы;

—    «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы;

— Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016- жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси”;

—   «Сот приставдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

—   «Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

—  «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти жөнүндө» Жобо.


 Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн:


—    кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;-    компьютердик сабаттуулук жана керектүү өнүмдөрдү билүү (Word, Excel маалымат жана укуктук система).

Конкурска катышууга керектүү документтердин тизмеси:

— талапкердин жеке арызы;

— резюме (электрондук почтаны, ПИН жеке идентификациялык номерин жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

— нотариустан күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан күбөлөндүрүлгөн аскер билетинин көчүрмөсү;

— Форма № 086 медициналык маалымкат;

— психикалык жана наркологиялык диспансердик маалымкат;

— Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө талапкердин макулдугу.


Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипке жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт.


Документтер 2026-жылдын 06-март саат 17-30 чейин электрондук түрдө кабыл алынат.  Суроолор боюнча кайрылуу үчүн тел: 03522 51361.