KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Талас облусунун жергиликтүү сотторунун кызматкерлери иш кагаздарын жүргүзүү жана архив иши боюнча окуудан өтүштү

20 мая 2026

Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматынын Талас регионалдык башкармалыгы менен биргеликте Талас облусундагы жергиликтүү соттордун бөлүм башчылары, архивариустары жана иш кагаздарын жүргүзүүчүлөрү үчүн окуу семинары өткөрүлдү.


Окутуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы М.А. Сатыевдин 2026-жылдын 27-январындагы №19 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жана жергиликтүү соттордо иш кагаздарын жүргүзүү боюнча нускаманын” талаптарын практикалык негизде түшүндүрүү максатында уюштурулду.


Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга документтерди системалаштыруу, коргоо жана узак мөөнөткө сактоо, иштердин номенклатурасын жүргүзүү, ошондой эле документтердин сактоо мөөнөттөрүн туура аныктоо жана сактоо боюнча кеңири маалыматтар берилди. Ошондой эле архивдик документтерди түзүү жана тариздөө тартибине өзгөчө көңүл бурулду.


Иш-чара жергиликтүү соттордун кызматкерлеринин кесиптик билим деңгээлин жогорулатууга, архив ишин жана документ жүгүртүүнү уюштуруунун сапатын жакшыртууга, ошондой эле иш кагаздарын жүргүзүүдө бирдиктүү талаптарды камсыз кылууга багытталды.