Бүгүн, 2026-жылдын 14-мартында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин борбордук аппаратынын жамааты жалпы шаардык ишембиликке катышты.
Иш-чаранын алкагында кызматкерлер Бишкек шаарынын Ленин районундагы А. Чортеков көчөсүндө — И. Ахунбаев көчөсүнөн С. Айни көчөсүнө чейинки аралыкта бөлүнүп берилген аймакта санитардык тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Ишембиликтин катышуучулары аймакты таштандылардан жана куураган чөптөрдөн тазалап, айланасын иретке келтирип, тиричилик калдыктарын жыйнап, жер тилкесин талаптагыдай санитардык абалга келтиришти. Аталган жер тилкеси буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бөлүнүп берилип, тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн Сот департаментине бекитилген.
Экологиялык демилгеге Сот департаментинин облустук башкармалыктарынын кызматкерлери да катышышты. Аймактарда да ушундай эле ишембиликтер уюштурулуп, анын алкагында кызматкерлер аймактарды таштандылардан тазалап, административдик имараттардын айланасын иретке келтирип, арыктарды тиричилик калдыктарынан жана куураган жалбырактардан тазалашты.
Мындай иш-чаралар калктуу конуштардын тазалыгын сактоого, аймактарды көрктөндүрүүгө, экологиялык маданиятты калыптандырууга жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого өбөлгө түзөт.
Ишембиликтер Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 6-сентябрындагы № 2032 «Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдарга тиричилик калдыктарын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө» Жарлыгына ылайык өткөрүлдү.


