Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин өз ишинде жогорку жыйынтыктарга жетишкен кызматкерлерин сыйлоо аземи болуп өттү.
Юстиция министрлигинин Ардак грамоталары менен жогорку кесипкөйлүгүн, демилгелүүлүгүн жана юстиция органдары менен тыгыз кызматташуусун көрсөткөн кызматкерлер сыйланышты. Алардын эмгеги жана сот системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы мамлекетке жана коомго берилгендиктин татыктуу үлгүсү болду.