2025-жылдын 21-февралында, Сот департаментинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 18-декабрындагы «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгы менен эмгек жамаатты тааныштыруу максатында жыйын өткөрүлдү.
Жыйналышка Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев, анын орун басары Джылдыз Рыскулова жана мекеменин кызматкерлери катышышты.
Сот департаментинин маалыматтык саясат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Назира Сагыналиева сөз сүйлөп, уңгужолдун мааниси, максаты жана анын өлкөнүн келечегине тийгизген таасири жөнүндө баяндама жасады. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин жүрүм-турумуна, таалим-тарбиясына жана кыргыз тилин турмуштун бардык тармактарында кеңири колдонуу маселелерине токтолуп, жаштарды улуттук иденттүүлүктү сактап калуу жана аны өнүктүрүү үчүн жалпы коомчулуктун аракеттенүүсү керектигин белгилөө менен чакырык жасады.