KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин кызматкерлери санариптик өнүктүрүү боюнча форумга катышышты

29 апреля 2026

Бүгүн, 2026-жылдын 29-апрелинде Сот департаментинин санариптештирүү бөлүмүнүн башчысы Бузурман Казыбеков жана Сот департаментинин маалыматтык саясат жана коомчулук менен байланыш секторунун башчысы Гульзада Аширбаева Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Соода өкүлчүлүгүнүн расмий чакыруусу менен «Санариптик өнүгүү: Россия — Кыргызстан» форумуна катышышты.


Аталган форум санариптик трансформациянын актуалдуу маселелерин талкуулоо, заманбап технологиялык чечимдерди киргизүү, ошондой эле санариптештирүү жана инфраструктуралык демилгелерди өнүктүрүү чөйрөсүндө практикалык тажрыйба алмашуу үчүн натыйжалуу аянтча болууга багытталган.


Форумга Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы соода өкүлү Азиз Саманов, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Соода өкүлчүлүгүнүн «санариптик атташеси» Роберт Вильданов, Axoft Кыргызстан компаниясынын директору Виталий Пак, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Россия Федерациясынын алдыңкы мамлекеттик корпорацияларынын, технологиялык компанияларынын жана тармактык IT-уюмдарынын өкүлдөрү катышышты. Алардын катарында санариптик экосистемалар жана көп кызматтуу платформалар, программалык камсыздоону жайылтуу, ошондой эле маалыматтык коопсуздук тармагындагы алдыңкы өкүлдөр бар.


Форумдун жүрүшүндө Орусиянын Яндекс транснационалдык компаниясы , AXOFT алдыңкы сервистик IT-дистрибьютору , «Лаборатория Касперского» глобалдык коркунучтарды изилдөө жана талдоо борборунун, киберкоопсуздук боюнча чечимдерди иштеп чыгуучу Positive Technologies, Барс Груп, Fuzzy Logic, Астра жана Zecurion компанияларынын өкүлдөрү презентациялары менен чыгып, сүйлөштү.


Иш-чара Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен Россия Федерациясынын алдыңкы жогорку технологиялык компанияларынын ортосундагы конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө багытталган.


Мындай иш-чараларга катышуу эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө, алдыңкы тажрыйбалар менен алмашууга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, анын ичинде сот тутумунун ишмердүүлүгүнө заманбап санариптик чечимдерди киргизүүгө өбөлгө түзөт.