KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин борбордук аппаратынын жана облустук башкармалыктарынын кызматкерлери ишембилик өткөрүштү

15 марта 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 15-мартында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин борбордук аппаратынын кызматкерлери, Бишкек шаарынын Экономикалык иштери боюнча САКБнын жана Ленин райондук САКБнын сот аткаруучулары өздөрүнө бекитилген аймакта ишембилик өткөрүштү.


Сот департаментинин кызматкерлери Бишкек шаарынын Ленин районунун А. Чортекова көчөсүн, Д. Куюкова көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки аймагын таштандылардан тазалап, иретке келтиришти. Бул аймак Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бөлүнүп берилип, Сот департаментине тазалоо үчүн бекитилген.


Ушундай эле ишембиликтер Сот департаментинин Нарын жана Талас облустук башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан өткөрүлдү. Иш чаранын алкагында Нарын шаардык сотунун, Нарын облусунун Административдик сотунун, Нарын аймактык сот приставдар кызмат бөлүмүнүн жана Башкармалыктын кызматкерлери административдик имараттын айланасын иретке келтирип, арыктардын ичин таштандылардан тазалашты.


Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгынын жамааты Тараз-Талас-Суусамыр автоунаа жолунун Талас шаарынын мэриясы тарабынан бөлүнгөн аймагында санитардык тазалоо иштерин жүргүзштү. Башкармалыктын кызматкерлери аймакты таштандылардан, желим бөтөлкөлөрдөн, куураган чөптөрдөн тазалап, бак-дарактарды акташты.


Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 6-мартындагы №50-р буйругуна ылайык, шаарды көрктөндүрүү, санитардык тазалыкты камсыз кылуу жана жашылдандыруу боюнча ишембиликтер 2025-жылдын 15-мартынан 17-майына чейин бекитилген аймактарда ар жума сайын өткөрүлүп турат.