2025-жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин борбордук аппаратынын жамааты жалпы шаардык ишембиликке катышты.
Департаменттин кызматкерлери Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагын ирээтке келтирип, А.Чортеков көчөсүндөгү И. Ахунбаев көчөсүнөн с. Айни көчөсүнө чейинки жерди таштандылардан жана кургак өсүмдүктөрдөн тазалашты. Бул участок Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бөлүнүп, тазалоо иштери үчүн Сот департаментине бекитилип берилген.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 15-мартынан 17-майына чейин борбор калаада социалдык инфраструктураны жакшыртууга, санитардык абалды жогорулатууга, шаардын жана анын калктуу конуштарынын аймактарын жашылдандырууга жана көрктөндүрүүгө багытталган масштабдуу ишембиликтер өтүп жатат.