KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин борбордук аппаратынын жана облустук башкармалыктарынын кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке чыгышты

19 апреля 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 19-апрелинде, Сот департаментинин борбордук аппаратынын, Бишкек шаарынын Ленин райондук САКБнын жана Кыргыз Республикасын Жогорку соту жана Конституциялык соту боюнча Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери жалпы республикалык  ишембиликке чыгышты.


Катышуучулар Бишкек шаарынын Ленин районунун А.Чортеков көчөсүндөгү И. Ахунбаев көчөсүнөн С. Айни көчөсүнө чейинки жерди таштандылардан тазалашты. Ошондой эле Сот департаментинин, Ленин райондук САКБнын имаратынын айланасын ирээтке келтиришип, Жогорку соттун тегерегинде  өзүлөрүнө бөлүнгөн аймакты тазалашты.


Ушундай эле ишембиликтер Сот департаментинин Талас, Баткен жана Ысык-Көл облустук башкармалыктарында өткөрүлдү. Кызматкерлер имараттардын тегерегиндеги аймактарды тазалап, куураган чөптөрдү, таштандыларды чыгарып, бактарды акташты. Ошондой эле тазалоо үчүн бөлүнгөн Тараз-Талас-Суусамыр автожолунун аймагы таштандылардан жана катуу тиричилик калдыктарынан тазаланды.


Белгилей кетсек, ишембиликтер Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өттү.