Бүгүн, 2026-жылдын 18-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин борбордук аппаратынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Сот приставдар кызматынын кызматкерлери менен биргеликте кезектеги ишембиликке катышышты.
Иш-чаранын алкагында Ленин районундагы А. Чортеков көчөсүндө — И. Ахунбаев көчөсүнөн С. Айни көчөсүнө чейинки жер тилкесинде санитардык тазалоо иштери жүргүзүлдү. Катышуучулар аймакты таштандылардан тазалап, тиричилик калдыктарын жыйнап, аймакты талаптагыдай санитардык абалга келтиришти.
Ушундай эле ишембиликтер Сот департаментинин Ысык-Көл, Баткен, Ош, Талас, Нарын жана Жалал-Абад облустук башкармалыктарында да өткөрүлдү.
Экологиялык багыттагы иш-чаралардын алкагында Каракол шаарында көчөт отургузуу акциясы уюштурулду. Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме кызматкерлери, жигердүү жаштар, шаар тургундары, ошондой эле Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын кызматкерлери катышышты.
Акциянын жүрүшүндө шаардагы белгиленген тилкелерге ар кандай дарактардын көчөттөрү отургузулду. Катышуучулар жашыл аймактарды көбөйтүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана келечек муундар үчүн таза чөйрө түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Баткен, Ош, Нарын, Талас жана Жалал-Абад облустук башкармалыктарынын кызматкерлери административдик имараттардын айланасында жана облустук администрациялар тарабынан бекитилген аймактарда тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Аталган иш-чаралар жарыяланган эки айлык акциянын алкагында өткөрүлүүдө. Аймактарды тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча жумалык ишембиликтер үстүбүздөгү жылдын 16-майына чейин улантылат.


