Бүгүн, 2025-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин кызматкерлери И.А рабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинин студенттери үчүн «Сот департаментинин ишмердүүлүгү» темасында конок лекциясын өткөрүштү.
Сот департаментинин Сот приставдар кызматынын ишин уюштуруу жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Жаназар Жумагулов, Сот департаментинин маалыматтык саясат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Назира Сагыналиева жана Сот департаментинин сот актыларынын аткарылышын камсыздоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Байжол Сулайманов лекторлор болушту.
Иш-чара окуу-практикалык багытта өтүп, студенттерди кесип тандоого багыттоо жана укуктук сабаттуулугун жогорулатуу программасынын алкагында уюштурулду. Лекция теориялык билим менен практикалык тажрыйбаны айкалыштырып, келечектеги юристтерге Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасындагы Сот департаментинин функциялары менен милдеттерин тереңирээк түшүнүүгө мүмкүндүк берди.
Сот департаментинин өкүлдөрү өз сөздөрүндө төмөнкү маселелер боюнча маалымат беришти:
- Сот департаментинин тарыхы жана өнүгүү баскычтары;
- Мекеменин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары;
- Сот аткаруучулар менен сот приставдарынын ишмердүүлүгү, алардын укуктары, милдеттери жана айырмачылыктары жөнүндө.
Лекциянын катышуучулары талкууларга активдүү катышып, мекеменин ишмердүүлүгүнүн уюштуруучулук-укуктук аспектилери жана сот тутумундагы кесиптик иштин өзгөчөлүктөрү боюнча көптөгөн суроолорду беришти.
И. Арабаев атындагы университеттин окутуучулар жамааты Сот департаментинин кызматкерлерине жемиштүү кызматташуусу жана жаш адистердин кесиптик өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.