KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин кызматкерлери Ж. Баласагын атындагы КУУнун студенттери үчүн конок лекция өткөрүштү

17 апреля 2026

2026-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин борбордук аппаратынын кызматкерлери Кыргыз Улуттук университетинин юридикалык факультетинин 2-курсунун студенттери үчүн “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти: кечээ жана бүгүн” темасында конок лекция өткөрүштү.


Иш-чаранын максаты студенттерди Сот департаментинин ишмердүүлүгү жана негизги милдеттери, анын өлкөнүн сот тутумундагы орду, ошондой эле сот адилеттиги жаатында жүргүзүлүп жаткан реформалар менен тааныштыруу болду.


Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучуларга Сот департаментинин тарыхы жана өнүгүү этаптары, ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, ошондой эле сот приставдар кызматынын иши — алардын укуктары, милдеттери жана ыйгарым укуктары тууралуу кеңири маалымат берилди.


Мындан тышкары, жүргүзүлүп жаткан реформаларга өзгөчө көңүл бурулду. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, 2025-жылдын 1-июлунан 2026-жылдын 1-июлуна чейин аткаруу өндүрүшүнүн системасына апробациялык режим киргизилип, сот актыларын жана башка аткаруу документтерин мажбурлап аткаруу боюнча функциялар жана ыйгарым укуктар Сот департаментинен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын карамагына өткөрүлүп берилгени белгиленди.

Лекцияларды төмөнкү адистер өткөрүштү:

• Аширбаева Гульзада Бейшенбековна — маалыматтык саясат жана коомчулук менен байланыш секторунун башчысы;

• Жамакеев Асанаалы Беккулович — Сот приставдары кызматынын ишин уюштуруу жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы адиси.

• Курсанбаев Нурмухаммед Ниматиллаевич — Сот департаментинин адиси.


Студенттер талкууга активдүү катышып, мекеменин ишмердүүлүгүнүн уюштуруучулук-укуктук аспектилери, ошондой эле сот тутумундагы кесиптик иштин өзгөчөлүктөрү боюнча көптөгөн суроолорду узатышып, кеңири жоопторун алышты.


Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин окутуучусу Акматбек кызы Айпери Сот департаментинин кызматкерлерине жемиштүү кызматташтык жана келечектеги адистердин кесиптик калыптанышына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.