KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин кызматкерлери кезектеги ишембиликтерди өткөрүштү

11 апреля 2026

2026-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин жамааты кезектеги ишембиликке катышты.


Сот департаментинин борбордук аппаратынын кызматкерлери Ленин районунда жайгашкан А. Чортеков көчөсүндө — И. Ахунбаев көчөсүнөн С. Айни көчөсүнө чейинки бөлүнүп берилген аймакта санитардык тазалоо иштерин жүргүзүштү.


Ишембиликтин жүрүшүндө катышуучулар аймакты таштандылардан тазалап, тиричилик калдыктарын жыйнап, жер тилкесин талаптагыдай санитардык абалга келтиришти.


Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жана  Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин ишин камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан имараттын айланасындагы аймак тазаланып, имараттын ичинде жалпы тазалоо иштери жүргүзүлүп, кызматтык бөлмөлөр иретке келтирилип, тазалык жана көрктөндүрүү камсыздалды.


Ушундай эле ишембилик Жалал-Абад облусунун Манас аймактык сот приставдары кызматынын бөлүмүндө да өткөрүлдү, анда кызматкерлер Жалал-Абад облусунун Адилет үйүнүн айланасын жана жол боюн тазалап, айлана-тегеректи иретке келтиришти.