KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин кызматкерлери кезектеги ишембиликтерди өткөрүштү

25 апреля 2026

Бүгүн, 2026-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин жамааты кезектеги ишембиликке катышты.


Сот департаментинин борбордук аппаратынын кызматкерлери Ленин районунда жайгашкан А. Чортеков көчөсүндө — И. Ахунбаев көчөсүнөн С. Айни көчөсүнө чейинки бөлүнүп берилген аймакта санитардык тазалоо иштерин жүргүзүштү.


Ишембиликтин жүрүшүндө катышуучулар аймакты таштандылардан тазалап, тиричилик калдыктарын жыйнап, жер тилкесин талаптагыдай санитардык абалга келтиришти.


Мындан тышкары, ушундай эле ишембилик Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгында да өткөрүлдү.


Анын жүрүшүндө кызматкерлер административдик имараттын аймагын иретке келтиришип, арыктарды тиричилик калдыктарынан жана куураган жалбырактардан тазалашты.