Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Борбордук аппаратынын кызматкерлери «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында Ысык-Көл облусундагы «Фемида» пансионатында кыргыз элинин улуттук оюндарын уюштурушту.
Иш-чаранын негизги максаты – ата-бабалардан мурас болуп калган улуттук оюндарды жайылтуу, кызматкерлердин ынтымагын бекемдөө жана улуттук баалуулуктарды урматтоого үндөө болду.
Кызматкерлер үч улуттук оюн боюнча күч сынашты. Алар аркан тартыш, ак терек – көк терек жана топ таш оюндарында өздөрүнүн шамдагайлыгын, күчүн, ынтымагын жана командалык биримдигин көрсөтө алышты. Ар бир оюн кызыктуу таймаштар менен коштолуп, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады.
Иш-чарага Сот департаментинин директорунун орун басары Канатбек Осмонов катышып, улуттук оюндар элибиздин тарыхын, маданиятын жана руханий мурасын кийинки муундарга жеткирүүдөгү маанисине токтолду.
Катышуучулар мындай иш-чаралар кызматкерлердин арасында достук мамилени чыңдап, биримдикти арттырууга өбөлгө түзөрүн белгилешти. Алар улуттук оюндар жөн гана мелдеш эмес, ата-бабалардан калган нарктуу мурас экенин, ал кыргыз элинин күчүн, шамдагайлыгын, эрктүүлүгүн жана ынтымагын чагылдырган баалуулук экенин белгилешти.
Иш-чараны Сот департаментинин Ресурстар башкармалыгынын Материалдык-техникалык камсыздоо жана Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмдөрү уюштурушту.


