KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин боробордук аппаратынын жана Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлери кезектеги ишембиликтерге чыгышты

22 марта 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 22-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин борбордук аппаратынын жамааты кезектеги ишембиликке чыгышты.


Мекеменин кызматкерлери Бишкек шаарынын Ленин районунун А.Чортеков көчөсүнүн аймагын, И. Ахунбаев көчөсүнөн С. Айни көчөсүнө чейин тазалашып, таштандылардан жана куураган чөптөрдөн арылтып, ирээтке келтиришти. Аталган аймак Сот департаментине Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан тазалоо үчүн бекитилген.


Ал эми Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад шаарынын Мамыр Баатыр көчөсүн ирээтке келтиришип, куураган чөптөрдөн жана таштандылардан арылтып, арыктарды тазалашты.


Белгилей кетсек, аталган ишембиликтер социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу, жашылдандыруу, шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарын көрктөндүрүү максатында өткөрүлүп келет.