Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгынын кызматкерлери экологиялык акцияга катышышты.
Акциянын жүрүшүндө Талас районуна караштуу Талды-Булак айылындагы Чоң-Кошой өзөнүнүн боюндагы 100 гектар аянтка көчөттөр отургузулду.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүн өткөрүү жөнүндө тескемесин ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.
Мындай иш-чараларды өткөрүү экологиялык абалды жакшыртууга, жаратылыш ресурстарын сактоого жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу маданиятын калыптандырууга багытталган.


