Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгынын кызматкерлери кезектеги ишембилик өткөрүштү.
Ишембиликтин жүрүшүндө мекеменин кызматкерлери атайын бөлүнгөн жер тилкелерин иретке келтирип, имараттын айланасындагы таштандыларды тазалашты. Ошондой эле суу өтүүчү арык-каналдар толугу менен тазаланып, санитардык абалды жакшыртууга багытталган иштер жүргүзүлдү.
Мындай иш-чара айлана-чөйрөнү тазалоо менен катар мекемеге караштуу тилкедеги тазалыкты сактоо жана аймактын көрктүүлүгүн арттыруу максатында үзгүлтүксүз уюштурулуп келет.
Ал эми тазалык иштерине кызматкерлер активдүү катышып, эмгек маданиятын жана экологиялык жоопкерчиликти көрсөтүштү.


