2025-жылдын 15-16-майында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ортосунда санариптик өз ара аракеттенүү жана салыктык билдирүүлөрдүн аткарылышы тууралуу маселелерин талкуулоо боюнча жумушчу жолугушуулар болуп өттү.
Биринчи жолугушуу 15-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун базасында өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, мыйзамдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Маргарита Сапиянова, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков, Сот департаментинин директорунун орун басары Канатбек Осмонов, ошондой эле тийиштүү бөлүмдөрдүн жетекчилери жана “Адилет сот” маалыматтык технологиялар мекемесинин өкүлдөрү катышышты.
Жолугушуунун негизги темасы — 2025-жылдын 12-февралында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Мыйзамын талкуулоо болду. Аталган мыйзамга ылайык, салык органдарынын билдирүүлөрүнө аткаруу документтеринин макамы берилмекчи. Ушуга байланыштуу тараптар эки мекеменин маалыматтык тутумдарын техникалык интеграциялоо механизмдерин жана салыктыкбилдирүүлөрдү сот аткаруучуларга санариптик түрдө жөнөтүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында салык билдирүүлөрүн мажбурлап аткаруу маселелери боюнча толук санариптик өз ара аракеттенүүгө өтүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Ошондой эле өз ара аракеттенүүнүн техникалык параметрлерин аныктоо жана ведомстволор аралык кызматташууну мындан аркы өнүктүрүү иштери башталды.
16-майда жолугушуулар Сот департаментинин базасында улантылды. Сот департаментинин директорунун орун басары жана жумушчу топтун төрагасы Канатбек Осмоновдун жетекчилиги алдында Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү жана тиешелүү мекемелердин IT-адистери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын «Сот аткаруучулардын статусу жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду дыкат иштеп чыкты.
Сунушталган жаңы жоболордун катарына төмөнкүлөр кирет:
- салыктык билдирүүлөрдү ыктыярдуу түрдө аткаруу механизмин сактап калуу;
- салыктык билдирүүлөр боюнча аткаруу жыйымын башка аткаруу документтерине окшош тартипте белгилөө;
- сот аткаруучуларга салык органдарынан өзүнчө арыз берүүнүн зарылдыгы жок өлкөдөн чыгууга убактылуу чектөө коюу укугун берүү.
Ошондой эле тараптар маалыматтык-техникалык өз ара аракеттенүү боюнча келишим долбоорун карап чыгып, берилүүчү маалыматтардын курамын, имамлекеттик органдардын интеграциясы үчүн зарыл болгон тизмени жана процесстерди автоматташтыруунун параметрлерин аныкташты.
Салык төлөөчү-жарандардын укуктарына, анын ичинде карыздарды аралыктан төлөө жана аткаруу жыйымдарын, ошондой эле өлкөдөн чыгууга чектөөлөрдү ыкчам алып салуу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле пландаштырылып жаткан салыктык эскертмелер боюнча статистиканы жүргүзүү маселелери каралды.
Жүргүзүлүп жаткан иш комплекстүү мүнөзгө ээ жана укуктук жөнгө салууну, ошондой эле өз ара аракеттенүүнү техникалык ишке ашырууну, ошондой эле башка мамлекеттик мекемелер менен координациялоону камтыйт.