KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Базар-Коргон районунун сот приставдары Чуй облусунун Ысык-Ата райондук сотуна күбөлөрдүн келишин камсыз кылышты

21 апреля 2026

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн улук сот приставы Алмазбек Мейманбеков сот приставдары менен бирге Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун кылмыш иши боюнча күбөлөрдү мажбурлап алып келүү жөнүндө токтомун аткарышты.


Сот актысын аткаруунун алкагында сот приставдары тарабынан 2026-жылдын 20-апрелинде өтө турган сот отурумуна катыштыруу максатында күбө Базар-Коргон районунун тургундары Б.О.М., К.Ш.К., О. у С. сот имаратына өз убагында жеткирилди. Бардык процесстик иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлдү.


Жалал-Абад облусунун Сот приставдар кызматы жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын так сактоо менен, мажбурлап алып келүү иштерин сот актыларынын негизинде гана жүргүзөт.