Баткен облусунун Кадамжай району боюнча Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн сот приставдары Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун кылмыш иши боюнча күбөнү мажбурлап алып келүү жөнүндө токтомун аткарышты.
Сот актысын аткаруунун алкагында сот приставдары тарабынан 2026-жылдын 8-апрелинде саат 14:00до өтө турган сот отурумуна катыштыруу максатында күбө Г.М.А. сот имаратына өз убагында жеткирилди. Бардык процесстик иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлдү.
Мажбурлап алып келүү 2026-жылдын 12-мартындагы Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтомунун негизинде ишке ашырылып, аталган токтом 2026-жылдын 18-мартында Кадамжай району боюнча Сот приставдар кызмат бөлүмүнө келип түшкөн.
Баткен облусунун Сот приставдар кызматы жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын так сактоо менен, мажбурлап алып келүү иштерин сот актыларынын негизинде гана жүргүзөт.


