KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаменти биринчи жарым жылдыктагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

21 июля 2026

Бүгүн, 2026-жылдын 21-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинде директору Бакыт Курманалиевдин жетекчилигинин алдында Сот департаментинин облустук башкармалыктарынын жергиликтүү сотторду финансылык каржылоосу, берилген тапшырмалардын аткарылышы жана 2026-жылдын алты айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктоочу кеңешме өткөрүлдү.


Отурумга директордун орун басарлары Канатбек Осмонов жана Аида Осмонбекова, облустук башкармалыктардын башчылары, борбордук аппараттын башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн башчылары катышышты.


Жыйында облустук башкармалыктардын башчылары жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштери, жергиликтүү сотторго жаңы имараттарды куруу үчүн каралган жер тилкелери, курулуш, капиталдык ремонт жумуштары жана бөлүнгөн каражаттардын колдонулушу туурасында маалымат беришти. Ар бир облус жетекчилеринин маалыматынан соң аймактагы негизги көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланып, ал суроо-жооп иретинде уланды. Айрым облустардагы соттордун административдик имараттарын куруу үчүн жер маселесинин чечиле электигинен улам берилген тапшырмаларды өз убагында аткаруу талабы көтөрүлдү. Ошондой эле бюджеттик каражаттарды максаттуу колдонуу маселеси каралды.


Кеңешменин соңунда Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев аталган отурумда облустук башкармалыктарда бир катар оң көрсөткүчтөгү жыйынтыктар болгону менен айрым багыттарда кемчиликтер жана аткаруу тартибинин бузулушу аныкталганын билдирди.


Мындан улам Бакыт Курманалиев протоколдук тапшырмаларды мөөнөтүнөн кечиктирбей өз убагында так жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу, бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу, натыйжалуу жана үнөмдүү пайдаланышын камсыздап, ар бир курулуш объектиси Сот департаментинин облустук башкармалыктары тарабынан көзөмөлгө алынып, иштерди белгиленген график боюнча өз убагында жүргүзүү тапшырмасын берди.


Мындан сырткары, сот тутумунун материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу иштерин өз убагында сапаттуу жүргүзүү үчүн соттордун жана сот органдарынын муктаждыктарын өз убагында аныктап, зарыл болгон жабдуулар жана кызмат көрсөтүүлөр менен камсыздоо иштерин мындан ары да сапаттуу уюштурууну  камсыз кылууну тапшырды.


Ошондой эле белгиленген тапшырмалар тогуз айдын жыйынтыгында аткарылбаса тартиптик жаза чаралары колдонуларын эскертти.