Урматтуу жарандар!
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 23-июнундагы No 187 Жарлыгына ылайык, 2025-жылдын 1-августунан тартып сот аткаруучулардын функциялары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын түзүмүнө өткөрүлүп берилгенин маалымдайбыз.
Жогоруда көрсөтүлгөн өзгөрүүлөргө байланыштуу көрсөтүлгөн күндөн тартып сот аткаруучулардын компетенциясына тиешелүү бардык документтер, кайрылуулар, арыздар жана материалдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматына түздөн-түз жөнөтүлүшү керек.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти мындан ары сот аткаруучулардын милдетин аткарбайт жана аларга тиешелүү документтерди кабыл албайт.
Документтердин айланышы жана өз ара аракеттенүү маселелерин ыкчам чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматынын кызматкеринин телефонуна кайрыла аласыздар: 0504 05 88 77.
Аткаруу өндүрүшү боюнча мындан аркы кайрылууларда Сиздер бул маалыматты эске алуу менен, Сиздин арыздарыңыз менен документтериңиздин өз учурунда жана натыйжалуу каралышын камсыздоо үчүн жаңы түзүм менен кызматташууну өтүнөбүз.
Кыргыз Республикасынын бардык райондору боюнча сот аткаруучулар кызматынын бөлүмдөрүнүн даректери жана байланыш телефондору өзгөрүлбөйт.