Кыргыз милициясынын 101 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын жана Ички аскерлеринин ардагерлеринин коомдук бирикмесинин “Кадырлуу ардагери” медалы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана Конституциялык соту боюнча Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн сот приставы, милициянын отставкадагы полковниги Калыков Курстанбек Туркбаевич сыйланды.
Курстанбек Калыков ички иштер органдарында 30 жылдан ашык эмгектенген. Өзүнүн кызматтык ишмердүүлүгүндө жарандардын коопсуздугун жана мыйзамдуулукту камсыздоого зор салым кошкон, жогорку кесипкөйлүгү жана жоопкерчилиги менен өз кесиптештерине үлгү болуп келет.
Сыйлык 2025-жылдын 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев тарабынан тапшырылды.
Бакыт Курманалиев ардагерди куттуктап, анын узак жылдар бою мамлекеттик кызматка сиңирген эмгегин жана талыкпай Мекенге кызмат өтөгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.


