KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Бишкек шаарынын сот приставдары тарабынан айыпкерди мажбурлап алып келүү жүргүзүлдү

13 декабря 2024

Бишкек шаарынын Сот приставдар кызматынын сот приставдары тарабынан Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук соту тарабынан чыгарылган айыпкерди мажбурлап алып келүү жөнүндө токтому аткарылды.


Сот приставдары бир нече жолу кабар берип, соттун токтому менен тааныштырганына карабастан, айыпкер соттун жана сот приставдарынын талабын аткарбай келген.


Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин негизинде айыпкер мажбурлоо жолу менен Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотуна сот отурумуна катышуу үчүн жеткирилип, сот залынан камакка алынып, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.


Жолдун алыстыгы, аба-ырайынын катаалдыгына карабай, сот приставдары берилген тапшырманы аткарышты.