Баткен жана Жалал-Абад облустарынын Сот приставдар кызматынын сот приставдары тарабынан жабырлануучуларды кылмыш ишин кароо боюнча 2025-жылдын 18-мартында саат 14:00 го белгиленген сот отурумуна катышуу үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна мажбурлап алып келүү жүргүзүлдү.
Жалпысынан 17 жабырлануучу сотко жеткирилди. Алардын төртөө Баткен шаарынан, төртөө Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан жана төртөө Баткен облусунун Лейлек районунан, ал эми төрт жабырлануучу Жалал-Абад облусунун Ноокен районунан, калган үчөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунан келишти.
Белгилей кетсек, сот приставдарына мамлекеттик бюджеттен сатып берилген жаңы кызматтык автоунаалар соттордун токтомдорун жолдун алыстыгына карабастан өз убагында аткарууга өбөлгө болууда.