2025-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгынын демилгеси менен Нарын облусундагы жергиликтүү соттордун төрагалары жана облустун сот аткаруучуларынын катышуусунда “Сот актысын аткарууда кездешүүчү көйгөйлөр” темасында тегерек стол болуп өттү.
Жыйында төмөнкү маселелер боюнча талкуулар жүргүзүлдү:
- Мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн алымдар, айып пулдар жана конфискацияланган мүлк боюнча укуктук көйгөйлөр;
- Карызкорлорго карата колдонулган жазалардын аткарылышы;
- Карыздарды төлөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө көмөктөшүү.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдарынын колдонулушу боюнча талкуу өткөрүлүп, сот актысын аткарууда жоопкерчилик менен мамиле кылуу тууралуу эскертүүлөр берилди.
Иш чаранын жыйынтыгында мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо менен соттун чечимдеринин аткарылышын жакшыртуу боюнча бардык аракеттерди көрүү белгиленди.