KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Талас облустук башкармалыгы жарандарга юридикалык жардам көрсөтүү боюнча иш чараларга катышууда

25 июля 2023

2023-жылдын 21-июлунда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу региондор аралык башкармалыгы тарабынан уюштурулган мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери менен жолугушууга Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгынын башкы адиси Айгерим Назарбекова катышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы №241 сандуу мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субьектеринин өз ара аракеттенүү тартибин жана квалификациялуу юридикалык жардам алууга адамдын укугун ырастоочу документтердин тизмегин бекитүү жөнүндө токтому талкууланды.


Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын ведомстволук мекемелеринин компетенциясына ылайык мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча алардын ишин координациялоону жүзөгө ашырат деп белгиленген.