KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

«Манастын руху — улуттук дем жана улуттук нарк» сынагынын жеңүүчүсүнө сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү

09 декабря 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 9-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин борбордук аппаратында сот системасынын кызматкерлеринин балдары арасында өткөрүлгөн «Манастын руху — улуттук дем жана улуттук нарк» аттуу балдардын сүрөт конкурсунун жеңүүчүсүн сыйлоо аземи болуп өттү. Конкурстун жыйынтыгы боюнча Чүй облусунун Ысык-Ата районун СПКБнүн улук сот приставы Алдашов Бактыяр Кубанычбековичтин кызы Диана Кубанычбекова мыкты сүрөтү үчүн биринчи орунду ээледи.


Сот департаментинин Сот приставдары кызматынын уюштуруу жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Жылдызбек Кудаяров конкурстун жеңүүчүсүнө китеп жана акчалай сыйлык тапшырып, ага активдүү катышуусу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы ийгиликтерди, чыгармачылык шыктандырууну жана жаңы жеңиштерди каалады.Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы Медербек Сатыевдин атынан улук сот аткаруучу Бактияр Кубанычбекович Алдашовго анын кызын татыктуу тарбиялап өстүргөнү, улуттук баалуулуктарды сактоого жана даӊазалоого кошкон салымы, «Манас» эпосун жакшы билгени, маданий мурастарга болгон терең сый-урматы үчүн ыраазычылык каты тапшырылды.


Белгилей кетсек, сынак Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан жарыяланган жана сот тутумунун кызматкерлеринин балдарынын көңүлүн тартуу, «Манас» эпосунун улуу үчилтигиндеги («Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору) эл биримдигин, айкөлдүгүн, адилеттүүлүктү жана мекенчилдик сыяктуу улуттук баалулуктарды даңазалоо аркылуу жаш муундардын аң-сезимине улуттук демди жана наркты сиңирүү, алардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү жана руханий тарбияны чыңдоо максатында өткөрүлгөн.


Сынактын жеңүүчүлөрү:


I орун — Диана Кубанычбекова (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун карашту Сот департаменти);


II орун — Элима Каныбекова (Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту);


III орун — Арууна Азаматова (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби).


Иш-чара «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» доктринасына ылайык уюштурулган сот тутумунун кызматкерлеринин арасындагы «Манас» эпосун угуу декадасынын жана балдар сүрөттөрү сынагынын жыйынтыгынын алкагында өттү.