Жогорку сотто Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин төрагалыгы алдында сот тутумунун кызматкерлери үчүн «Фемида» пансионатында ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелерине арналган жумушчу жыйын өткөрүлдү.
Жыйында «Фемида» пансионатынын директору Шермамат уулу Бексултан аталган мекеменин өткөн жылга карата ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана 2026-жылга пландары тууралуу маалымат берди. Маалыматка ылайык, 2025-жылы пансионаттын жалпы кирешеси болжол менен 27 млн сомду түзүп, анын ичинде кызматкерлерге маяна төлөмдөрү менен чыгымдар болжол менен 24 млн сомду түзгөн.
Учурда пансионаттын аймагында ашкана куруу боюнча курулуш иштери жүрүп жатканын жана эс алуу жайынын инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүү, жашылдандыруу иштерин жүргүзүү максатында жакын жердеги жер тилкелерин ижарага берүү үчүн керектүү документтерди чогултуу жана тариздөө жүргүзүлүп жатканы маалымдалды. Ошондой эле пансионатты өнүктүрүүнүн мындан аркы келечектүү багыттарынын катарына мейманкана комплексин куруу киргизилгенин мекеменин директору билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев пансионаттын ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү, анын ичинде мекеменин бүт аймагында онлайн-видео байкоо системасын орнотуунун маанилүүлүгүнө, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүүнү күчөтүү зарылдыгына көңүл бурду. Аталган чаралар пансионаттын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылууга жана коррупциялык тобокелдиктердин алдын алууга багытталганын баса белгиледи.
Мындан тышкары, Жогорку соттун төрагасы сатып алынган материалдардын, техникалык жабдуулардын, эмеректердин жана башка техникалардын жогорку сапатын камсыз кылуу зарылдыгына өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Сатып алынган продукция белгиленген сапат стандарттарына толук жооп берип, узак мөөнөттүү пайдаланууга ылайыкталышы зарыл экендигин жана бул, өз кезегинде, каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатып, кыска мөөнөттө жараксыз болуп калуучу жана сапатсыз товарларды сатып алуу практикасын жокко чыгарууга мүмкүндүк берет – деди Төрага.
Жыйындын катышуучулары пансионаттын учурдагы абалы, анын мындан ары өнүгүүсүнүн негизги багыттары, анын ичинде инфраструктураны модернизациялоо, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана каржы ресурстарын рационалдуу пайдаланууну талкуулашты.
Талкуунун жыйынтыгында М.Сатыев пансионатты андан ары өнүктүрүүнүн так жана этаптуу алгоритмин иштеп чыгууну, сот тутумунун кызматкерлеринин арасынан эс алуучуларды кабыл алуунун ачык-айкын жана тартипке келтирилген тартибин аныктоону жана замандын талаптарына жооп берген ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча тапшырмаларды берди.
Жумушчу жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова, Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Жогорку соттун Аппаратынын жетекчиси Сулайман Мыкыев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев жана анын орун басары Аида Осмонбекова, ошондой эле ведомстволук «Фемида» пансионатынын директору Шермамат уулу Бексултан катышты.


