Акыркы учурда Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында жалган маалыматтарды таратуу фактылары көбөйдү. Белгисиз адамдар жарандарга мессенджерлер аркылуу «Түндүк» мамлекеттик ишканасынын жана сот аткаруучулардын атынан жасалма документтерди жана шилтемелерди коштогон, жалган карыздар тууралуу билдирүүлөрдү жөнөтүп жатышат.
Билип алыңыз:
Сот аткаруучулар жарандарды мессенджерлер, социалдык тармактар же башка расмий эмес каналдар аркылуу кабардар кылышпайт.
Билдирүү расмий көрүнгөн күндө да, шектүү шилтемелерге кирбеңиз.
Маалыматты бир гана расмий булактардан текшериңиз.
Кантип карыздын бар же жогун текшерүүгө болот:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине же башка расмий органдарга кайрылыңыз, же болбосо мыйзамда каралган расмий электрондук кызматтарды пайдаланыңыз.
Сот департаментинин жана УКМКнын Чек ара кызматынын тышкы миграцияны эсепке алуу тутумдары синхрондоштурулган жана күнү-түнү иш алып барат.
Сот департаментинин расмий сайтындагы (www.suddep.sot.kg) “Карыз абалын текшерүү» рубрикасы аркылуу, ар бир жаран өзүнүн жеке идентификациялык коду менен карызкор катары ага карата аткаруу өндүрүшүнүн бар экендигин текшере алат.
Ошондой эле, карыз абалын текшерүү сервиси Кыргыз Республикасынын Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы «Түндүк» менен интеграцияланып, аткаруу документи боюнча карыздардын бар экендиги жөнүндө кененирээк маалымат (www.portal.tunduk.kg) порталынан жеке кабинетке кирүү аркылуу алса болот.
Мындан сырткары, жарандар карыз абалын «Мбанк», «MegaPay» жана «Balance.kg» мобилдик тиркемелери аркылуу да текшерсе болот.
Эгерде сиз шектүү билдирүү алсаңыз — реакция кылбаңыз жана бул тууралуу тиешелүү органдарга кабарлаңыз.
Өзүңүздү жана жакындарыңызды сактаңыз. Шылуундардын амалдарына алданбаңыз!